Ирактын Ички иштер министрлиги 20-июлда жарыялаган маалыматка караганда, акыркы 10 айдын ичинде өлкөдө 8175 адам курман болду, алардын көпчүлүгү карапайым тургундар, бул санга Ирак армиясынын курман болгон аскерлери да кирет. Британиялык изилдөө тобу 19-июлда жарыялаган маалыматка караганда болсо, акыркы эки жыл ичинде Иракта 25 миң адам курман болду жана америкалык аскерлердин чабуулдары менен ар башка кылмыштардан өлгөндөрдүн саны - согушкерлер уюштурган террор аракеттеринен набыт кеткендердин санынан көп.