Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

Аба ырайы


БИШКЕК. 2-августта өлкөнүн айрым жерлеринде күн күркүрөп, жаан жаайт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Талас облусунда түнкүсүн +13...+18, күндүз +27...+32 градус ысык.
Ысыккөл ойдуңунда түнкүсүн +10...+15, күндүз +20...+25 градус жылуу.
Жалалабат, Ош, Баткен дубандарында түнкүсүн +17...+22, күндүз +31...+36 градус.
Нарын аймагында түнкүсүн +10...+15, күндүз +26...+31 градус.
Сарыөзөн Чүйдө түнкүсүн +16...+21, күндүз +28...+33 градус ысык болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн +19...+21, күндүз +30...+32 градустун айланасында ысык болушу күтүлүүдө деп кабарлашат, Кыргызстандын синоптиктери.

Кабарлар топтомун Бакыт Аманбаев, Бурулкан Сарыгулова жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG