Лондондун шаардык полициясынын айтымында, 7-июлдагы төрт ири жардыруудан кийин, жергиликтүү мусулмандарды жек көрүү менен жасалган кылмыш иштеринин саны кескин көбөйдү.
Полициянын маалыматына караганда, өткөн айда мусулмандарга каршы 273 жолу кылмыш аракеттери катталган. Эгерде салыштырып көрсөк, өткөн жылдын ушул мезгилде бул өңдүү кылмыштар болгону 41 эле жолу болгон экен.
Тахир Батт – Лондондогу Мусулмандар коопсуздугу жамаатынын өкүлү. Бул жамаат полиция менен тыгыз кызматташтыкта турат. Анын айтымында, мусулмандар Британияда 7-июлдан кийин чынында чоң проблемаларга кабыла башташты:
- Биз адамдарды коркуткубуз жок, болгону аларды бул жерде эмне окуялар болуп жатканы менен кабардар кылалы деген эле ой. Негизги кабар – азыр коркунуч улам көбөйө баштагандыгында. Бирок кылмыштуулуктун өсүшү менен бирге алардын алдын алып, этияттык үчүн аракеттер да күчөдү. Элди дайыма бул өңдүү окуялар менен кабардар кылуу иштери да аткарылып жатат.
Жакында бир имамга кол салуу болду, мектепте окуган кызды уруп кетишти, анан таксиде бараткан жаштарды айдоочу сабаганга аракет кылган.
Шаардык полиция мындай проблема чынында актуалдуу боло баштагандыгына көңүл бурганы үчүн бир катар мусулман лидерлери ыраазы экендиктерин айтып жатышат.
Доктор Гаясиддин Сыддык – Мусулман Институтунун директору. Ал мусулмандарды уруп-сабоо аракеттерин 7-июлдагы окуялардан кийинки эмоционалдык ахыбал менен байланыштырат:
- Мисалы, эгерде сиз метродо баратсаңыз. Адамдар сизден алысыраак олтурганга аракет кылышат. Анан “Кет үйүңө!”, “Пакистандык”, же “Бен Ладен!” деп, кыйкыра башташат. Бул, адатта, мусулмандарга окшош адамдарга каршы ичиндеги бугун чыгарып алуунун бир жолуна айланып баратат.