Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы 10-августта тараткан билдирүүдө Кыргызстандын баш прокурору Азимбек Бекназаров менен буга чейин издөөгө салынган Пак, Жайсанбаев, Воробьев жана башкалардын ортосунда жең ичинен сүйлөшүү болгондугу туурасында эл ичинде ар кандай кептер айтыла баштагандыгы белгиленген. Ошондой эле билдирүүдө эгерде аталган адамдар кылмышкер болсо, алар мыйзам алдында жооп берүүгө тийиштиги айтылган.
Анда белгилегендей, буга чейин издөөгө салынып, оор кылмыштарды жасаганы үчүн күнөөлөнгөн адамдарга карата баш прокурордун мамилеси ар кандай пикирлерди жаратууда. Азыр аларга коюлган кылмыш иштер кандай түрдө каралаары, кандай тартипте алар сот жообуна тартылаары белгисиз. Ири өлчөмдөгү мамлекеттик мүлктү уурдоого байланыштуу кылмыш иштерин иликтөө басма сөз каражаттары аркылуу ачык маалымдалышы керек, - деп жазылган билдирүүдө.
Турсунбек Акун башкы прокурордун ишине байланыштуу мындай дейт:
- Башында Азимбек Бекназаров биз кылмышкерлерди кармайбыз, өлкөнүн бюджетин толуктайбыз деген билдирүүлөрдү жасаган. Анан чындыгында эле Пак, Жайсанбаев, Акматбаев жана башкалар келишти. Бирок ошол күнөөлөнгөндөр качан жоопко тартылат, тергөө иштери кандай жүргүзүлуп жатат – бул тууралуу эч кандай маалымат жок. Азыр Азимбек Бекназаров ошол эле Жайсанбаев, Пактар менен кандайдыр бир өз ара ымалага келип алганбы деген да сөздөр эл ичинде жүрүп жатат. Эгерде Башкы прокуратуранын иши ачык болсо, мындай сөздөргө жол берилбейт болчу. Ошондуктан, биз Башкы прокуратуранын ишинин ачыктыгын талап кылабыз.
Анын пикирин өлкөдөгү бир катар бейөкмөт уюмдар да колдоодо. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын төрагасы Эдил Байсалов буга байланыштуу мындай пикирде:
- Биз негизинен Турсунбек Акундын билдирүүсүнө кошулабыз. Бардык иштер ачык жүргүзүлүшү керек. Азимбек Бекназаров менен Пак, Жайсанбаевдердин ортосунда кандайдыр бир сүйлөшүүлөр болуп калганбы деген сөздөрдү биз да угуп жатабыз. Ошондуктан, Башкы прокуратуранын иши ачык болушу керек.
«Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова да Башкы прокуратуранын иши ачык болушу керек дейт:
- Адегенде биз да Башкы прокуратуранын ишин кош колдп колдогонбуз. Бирок Башкы прокуратуранын иши ачык болушу керек. Эгерде ачык болсо, анда биз биргелешип дагы көп иштерди жүргүзө алабыз деп ойлойм. Ошондуктан, биз Турсунбек Акундун билдирисүүндө айтылгандарга кошулабыз. Эл дайыма ачык маалымат алышы керек.
Ал эми Башкы прокуратура 11-августта билдирүү таратып, анда марттагы ыңкылаптан кийин Башкы прокуратынын иши ачык-айкын жүргүзүлө баштагандыгы, мурда издөө салынган адамдар тергөө иштери аяктагандан кийин күнөөлөрү болсо, мыйзам чегинде жоопко тартылаары тууралуу белгилеген.
Турсунбек Акундун билдирүүсүнө карата баш прокурордун милдетин аткаруучу Канат Аманкулов «Азаттыкка» мындайча билдирди:
- Турсунбек Акундун билдирүүсүндө айтылган маалыматтар негизсиз. Пак, Жайсанбаев жана башкалардын үстүнөн козголгон кылмыш иштери боюнча алдын ала тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Алардын баары тергөө иштери аяктаган соң, мыйзам чегинде жоопко тартылат. Алардын үстүнөн козголгон кылмыш иштеринин токтотулган жери жок. Ыңклаптан кийин Башкы прокуратуранын ишмердүүлүгү ачык-айкын жүргүзүлө баштады. Ачык иштөө - баш прокурор Азимбек Бекназаровдун башкы талабы. Ал эми Турсунбек Акундун билдирүүсү эч кандай фактыларга негизделбейт жана негизсиз.