Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:32

ЭВФ мисcиясы келет


БИШКЕК. 16-30-августта Кыргызстанда Эл аралык валюта корунун миссиясы болот. Аны кордун жооптуу кызматкери Тапио Саавалайнен жетектеп келет. Бул тууралуу валюта корунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Маалыматка караганда, миссия өлкөнүн өткөн жарым жыл ичиндеги социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы, алдыдагы алты ай ичиндеги өнүгүүнүн келечегин иликтейт жана 2006-жылдын бюджет долбоору боюнча иш жүргүзөт. Эл аралык валюта корунун миссиясы март айында келиш керек эле. Бирок 24-марттагы ыңкылапка байланыштуу келбей калган. Кыргызстан менен валюта кору жаңы үч жылдык программага кол койгон. Ага ылайык үч жыл ичинде Кыргызстанга 14-миллион долларга жакын насыя бөлүү каралган.

XS
SM
MD
LG