БИШКЕК. 19-августта өлкө башчысы Курманбек Бакиев Кыргыз Республикасында борбордук жана жергиликтүү аткаруу органдарынын ишин андан ары өркүндөтүү боюнча кээ бир чаралар жөнүндө жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын борбордук башкаруу органдарынын жетекчилери, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу системасынын аткаруу кызматынын жетекчиси мамлекеттик органдардын аймактык бөлүктөрүнүн жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу маселесин тийиштүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен милдеттүү түрдө макулдашат. Аталган мыйзам прокуратура органдарына, коопсуздук кызматына жана улуттук статкомитетине тиешеси жок. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан жума күнү билдиришти.
Президент борбордук жана жергиликтүү аткаруу органдарынын ишин андан ары өркүндөтүү боюнча жарлыкка кол койду