АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттигинин башчысы Эндрю Нациос кечээ күнү билдиргенге караганда, Америкага «Катрина» бороон-чапкыны тийгизген зыян өтө зор болгондуктан, чет мамлекеттерге АКШ тарабынан көрсөтүлгөн жардамдын өлчөмү кыскартылышы мүмкүн. Вашингтондун айтымында, бороондон курман болгондордун саны жети жүздөн ашты. Нью-Орлеан шаары каптаган суудан 2-октябрга карата тазаланып бүтөөрү тууралуу айтылууда.