Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:54

Премьер-министр Феликс Кулов «Азаттыктын» жетекчилиги менен жолугушту


БИШКЕК. Келерки беш жылдагы ишмердүүлүгүндө өкмөт башчы Феликс Кулов коррупцияга жана кедейчиликке каршы каршы күрөшкө артыкчылык берет. Бул тууралуу өкмөт башчы «Азаттык» радиосунун президенти Томас Дайн менен бейшембиде болгон жолугушуусунда билдирди. Феликс Кулов жолугушууда ошондой эле Кыргызстандагы жаңылыктарды «Азаттык» радиосу аркылуу орус тилинде чагылдыруу маселесин ойлонуп көрүүнү сунуштады. Куловдун айтымында, «Азаттык» радиосун ал түрмөдө отурган 2,5 жыл ичинде көз карандысыз жалгыз маалымат каражаты катары туруктуу угуп турган. Ошондой эле премьер-министр радиону өлкө аймагында уктурууга байланышкан техникалык проблемаларды чечүүгө өз тарабынан жардам берүүгө даяр экенин билдирди. Томас Дайн баштаган «Азаттык» радиосунун жетекчилери бул күнү Жогорку Кеңештин төрага орун басары Эркинбек Алымбеков баштаган депутаттар тобу менен жолугушуп, адам укуктарына, сөз эркиндигине, март ыңкылабынын оош-кыйыштарына байланышкан маселелерди талкуулашты. Ушул эле күнү «Азаттыктын» жетекчилери “АКИ-пресс” агенттигинде болушуп, журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүштү.

XS
SM
MD
LG