Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:51

Кондализа Райс депутаттар алдында сөз сүйлөөрү кабарланды


БИШКЕК. АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Шон Маккормактын билдирүүсүнө шилтеме берип, таратылган маалыматтарга караганда, АКШнын мамлекеттик катчысы Кондализа Райстын 13-октябрда Кыргыз парламентинин депутаттарынын алдында сөз сүйлөөрү болжолдонууда. АКШ мамлекеттик катчысы Кыргызстанга Борбор Азияга жасоочу сапарынын алкагында келерки аптада келиши күтүлүп жатат. Ал эми Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги менен АКШнын Кыргызстандын элчилигинин билдиргендерине караганда, Кондализа Райстын сапары тууралуу тараптарга расмий маалымат келе элек.

XS
SM
MD
LG