Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:46

Депутаттын өлүмү боюнча кылмыш иши ачылды


БИШКЕК. Депутат Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө алып келген окуя боюнча кылмыш иши ачылып, Башкы прокуратуранын алдында тергөө тобу түзүлдү. Тергөө тобуна Башкы прокуратуранын, жаза өтөө башкармалыгынын өкүлдөрү кирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңеш депутаттарына Башкы прокуратуранын өкүлү Мамакеев Кубаныч билдирди. Анын айтымында, тергөө тобунун депутат Акматбаевдин сөөгүн соттук-медициналык текшерүүдөн өткөрүү аракетинен жыйынтык чыкка жок. Анткени маркумдун туугандары анын сөөгүн жерге берүү үчүн туулган айлына алып кетишти. Ошондой эле Кубаныч Мамакеев тергөө тобу учурда ок атуудан каза болгон башка эки атуулдун сөөгүн атайын текшерүүдөн өткөрүп жаткандагын айтып, анын жыйынтыгы жакын арада коомчулукка маалымдала тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG