Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:55

ИРАКТА АДВОКАТТАРГА “АҢЧЫЛЫК” БАШТАЛДЫ


Иракта Саддам Хусейн менен анын жакын төбөлдөрүн коргоп жаткан адвокаттарга белгисиз күчтөр шейшемби күнү кол салышып, алардын бирин тындым кылышты. Дагы бир адвокат жарадар болду. Бул жолу Ирактын мурдагы вице-президенти Таха Ясин Рамадандын коргоочусу, юрист Адел ал-Зубейди мерт болду. Өткөн айда, 19-октябрда адвокат Садун ал-Жанабини уурдап кетишип, андан соң көзүн тазалап салышкан эле.

Шейшемби күнкү окуя үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө алган жок. Дубайлык эксперт Мустафа Алани бул ишти болду-болбоду шейиттердин аскерлешкен күчтөрү жасаган болуу керек деп болжолдойт. Муну так кесе ырастоо кыйын, ошентсе да көпчүлүк байкоочулар, Аланинин айтымында, мындай иштерге негизинен шейиттердин куралдуу топтору кызыкдар экенинен күмөн кылышпайт.

Бирок айрым бирөөлөр, анын ичинде өкмөттүн өкүлү Лейт Кабба да муну мурдагы Баас партиясынын өкүлдөрү деле жасашы мүмкүн дешет. Баасисттер Саддам Хусейндин сотун үзгүлтүккө учуратканы ар кандай амалдарга барышы мүмкүн.

Мустафа Алани мындай ойго анчейин кошулбайт. Баасисттер коомчулукка Саддамдын режими жана анын партиясы азыркы бийликке караганда алда канча мыкты болгонун далилдөөгө умтулушууда. Ошондуктан алардын мындайга барары күмөндүү. Андан көрө Алани шейшембидеги окуя үчүн жоопкерчиликти АКШга жана азыркы бийликке жүктөгөндөр көп болушу мүмкүн. Эгер Саддамдын сотун америкалыктар менен өкмөт чын эле сабак болгудай санатта өткөргүсү келишсе, анда алар адвокаттардын коопсуздугун камсыз кылууга тийиш. Бу толугу менен ошолордун мойнундагы милдет, дейт Алани.

Адвокаттар тобу ансыз деле иштин жоопкерчилигин өкмөткө жүктөдү. Алар атүгүл Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннанга кайрылып, Багдадга атайын тергөө комиссиясын жөнөтүүнү, ансыз кырдаал чыдагыс абалга жетип калганын айтышты. Эки юрист тындым кылынды, муну менен чет элдик адвокаттарды опузалоо процесси башталды, деп айтты алардын башчысы Халил ал-Дулейма. Ал ошону менен бирге Саддамдын сотун бейтарап башка бир өлкөдө өткөрүү жөнүндөгү адвокаттардын талаптарын кайталап эскертти. Эгер өкмөт юристтердин коопсуздук өтүлдүгүн албаса, адвокаттар алдыдагы күндөрдө жанданганы жаткан процесске катышуудан баш тартышы мүмкүн.

Саддамды жана анын жети төбөлүн соттоо милдети беш судьяга жүктөлгөн. Өкмөт алардын эч кимисинин аты-жөнүн жарыя кылбай, судьялардын коопсуздугун камсыздоо үчүн бардык шарттарды көрүшкөн. Ал эми адвокаттардын ысымдары, кайсы жерде турары баарына белгилүү.

Лондондук эксперт Дэвид Хартвелл сот процесси адвокаттардын байкотунан улам токтоп калары өтө эле арсар деп эсептейт. Ирак өкмөтү алардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кошумча чараларды көрөрү турган сөз. Ага да болбосо, Хартвеллдин ишениминде, сотту анда башка бир өлкөгө которууга туура келет.

XS
SM
MD
LG