Европарламент да дүйшөмбү күнү бу маселени атайын талкуулап, Кошмо Штаттарын катуу сынга алды. Либералдардын өкүлү Сара Лэдфорддун айтымында, эгер мунун чындыгы аныкталса, анда бул ЦРУнун эски материкте анык “кара кургуй” курганы болот. Оң канаттагы партиялар фракциясынан депутат Карлос Коельо европалыктар терроризмге каршы экенин айтып, бирок ошондой ишке катышы бар деп кадик санаткан адамдарды жашыруун абактарда кармагандын өзү терроризмден айрымасы жоктугун белгиледи. Социалисттердин өкүлү Мартин Руур ишти ийне-жибине чейин иликтеп чыгууга чакырды.”Эгер бу жерде айтылгандар аныкталса, анда муну кан буугандай кылып токтотуу зарыл. Кокус жалган болсо, мунун калп экенине ишендирген далил керек, ошондуктан Европа комиссиясын бу маселени кылдат иликтеп чыгышын суранабыз”,- деп айтты социалист-депутат союздун юстиция комиссары Франко Фраттиниге кайрылып.
Комиссар Фраттини Евросоюздун аймагында ЦРУ жашыруун түрмөлөрдүн тармагын түзүп, аларда “ал-каидачыларды”, террорчу делинген башка да туткундарды кармап турганын ырастаган фактылар азырынча жок экенин айтты. Евросоюздун көпчүлүк мүчөлөрү жана союзга талапкер өлкөлөр бу маалыматты карандай калп деп ырасмий түрдө төгүндөп жатканын эске салып, Фраттини ошону менен бирге кайсы бир өлкөдө ушундай түрмөлөр бар экени аныкталып калса, анда ал катуу жазага тартыла тургандыгын да эскертти.
Еврокомиссардын союздун бардык өлкөлөрүндөгү сот жана юстиция мекемелерине бу маселе боюнча тергөө ишин ачканга көрсөтмө бергенге укугу жок. Иликтөө иштери жөнүндө мамлекеттик деңгээлде чечим кабыл алынышы керек. Италия менен Германияда террордук уюмдардын мүчөсү деп кармалып кеткен мусулмандарга байланыштуу азыр ушундай процесс жүрүп жатат.
Еврокомиссар эгер чын эле ЦРУ жашыруун түрмөлөрдүн тармагын түзгөн болсо, анда бул европалыктар пир туткан асылнарктарды тебелеп-тепсегендик болот деп эсептейт.
ЦРУнун жашыруун түрмөлөрү тууралуу ушул айдын башында “Вашингтон пост” гезити жазып чыккан эле. Гезиттин ырастоосуна караганда, террорчу делинген туткундар кармаганы ЦРУ дүйнөнүн сегиз мамлекетинде, анын ичинде чыгыш европалык өлкөлөрдө атайын жабык абактарды түзгөн. Алардын катарында негизинен эски социалисттик лагерге кирген өлкөлөр, Кавказдан Армения менен Грузия аталган. Хюман райтс уотч уюму мындай лагерлер Польша менен Румынияда болушу абдан ыктымал деп ырастайт. Бирок алардын баары муну четке кагышууда.
АКШнын сенатында да бу маселени териштирүү башталды. ЦРУ, Вашингтон администрациясы азырынча мунун чын же төгүн экенин ырастай элек.