Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:21

Токмокто жергиликтүү шайлоого байланыштуу пикет болду


БИШКЕК. 8-декабрда Чүй облустук бийликтин имаратынын алдына 30га чукул адам пикетке чыгышты. Пикетчилер Каражыгач айыл өкмөт башчылыгына Бахирдин Юсуповдун талапкерлигин калыбына келтирүүнү талап кылышууда. Токмок шаарындагы “Чече” деп аталган бейөкмөт уюмдун лидери Майрамкан Акматованын айтымында, бул талапкердин БШКга жазган арызы 7 күндөн бери каралбай аткандыктан пикетке чыгууга мажбур болушкан. Аламүдүн районунун Каражыгач айыл өкмөтүнүн башчылыгына ат салышып аткан Бахирдин Юсуповдун талапкерлигин 1- декабрда райондук шайлоо комиссиясы алып таштаган. Анын атаандаштары БШКга айыл өкмөттүн карамагындагы автоунааны шайлоо кампаниясына пайдаланды деп арыз жазышкан. Аталган айыл өкмөткө учурда төрт талапкер ат салышууда. Эскерте кетели, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу башчылыгын шайлоо 18- декабрга белгиленген. Республика боюнча 369 айыл өкмөтү жана 100дөн ашык шаар башкармалыктары бар.

XS
SM
MD
LG