Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:11

ИРАКТА КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ КҮЧӨТҮЛДҮ


Айданбек Акмат уулу, Прага шаары Парламенттик шайлоонун алдында Иракта коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Шайлоо 15-декабрда өткөрүлөт.

Ирак парламентинде жаңы Конституцияга ылайык, 275 орун бар. Алардын 230на өлкөнүн региондорунан депутаттар шайланат. Ал эми калган 45 орун партияларга берилген. Ирактын ички иштер министри Баян Бакер Солахтын билдирүүсүнө караганда, шайлоо алдында беш күн эс алуу күн деп жарыяланды. Бул күндөрү курал менен жүрүүгө тыюу салынып, чек аралар жабылды жана коменданттык саат киргизилди. Ал эмес шейшемби күндөн жума күнгө карай учактардын учуусуна, конуусуна да тыюу салынды. Мына ушундай эле чаралар жыл башында январь айында Конституцияны кабыл алуу максатында өткөрүлгөн референдумда да кабыл алынган эле.

Ал эми өлкөдөгү саясий партиялар жана лидерлер активдүү үгүт иштерин жүргүзүүдө. Маселен, шииттердин лидери Абдул Азиз ал Хаким Кербелле шаарында кызуу үгүт иштери жүргүзүп жатса, мурунку премьер-министри Аяд Алау Багдадда шайлоочуларды өзүнө тартууга арактетенүүдө. Ирактын борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Абдил ал-Лами добуш берүү диний араздашууларга алып келбеши үчүн тийиштүү чаралар көрүлгөнүн билдирди:

- Комиссия диний символдорду пайдаланунун жол-жобосун ал жаңжалдардын булагы болбогондой кылып иштеп чыкты. Алар этникалык, диний жана башка араздашууларга алып келбеш бербеш керек.

Талдоочулардын пикиринде, Ирактагы парламенттик шайлоо өлкөдө тынчтыкты орнотууга салым кошот.

XS
SM
MD
LG