Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:04

Социалдык тармак кызматкерлеринин айлыгы көбөйөт


БИШКЕК. Саламаттык сактоо, маданият, илим тармактарында, социалдык чөйрөдө иштеген кызматкерлердин айлыктары келерки жылдын апрель айынан баштап 20%тен 50%ке чейин көтөрүлөт. Ал эми балдардын пособиелери келерки жылы 40%ке, майыптык боюнча социалдык пособие 25%ке көтөрүлөөрү болжолдонууда. Бул тууралуу 15-декабрда каржы министри Акылбек Жапаров билдирди. Министрдин билдиргенине караганда, мындан тышкары боюнда бар аялдар төрөгөнгө чейин жана төрөлгөн балдар беш жашка чейин медициналык жактан бекер кароого алынат. Пенсия курагындагылар медициналык дарылоо үчүн кошумча акыдан кутулат. Ушул максатта медицина тармагына 435 миллион сом кошумча каралууда. Жалпы каралып жаткан каражаттын көлөмү 2 миллиард 100 миллион сомду түзмөкчү.

XS
SM
MD
LG