Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

Депутат Акматбаевдин өлүмү боюнча ишти тергөө январда аягына чыгат


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө байланыштуу түзүлгөн тергөө тобу кылмышты иликтөөнү 25-январда соңуна чыгарып, сотко өткөрүп бериши керек. Бул тууралуу «МСН» гезитине берген интервьюсунда башкы прокурор Камбараалы Конгантиев билдирди. Башкы прокурордун айтымында, ишти иликтөө дагы бир айга узартылды, буга жаңы түзүлгөн жагдай негиз берди. Учурда тергөө тобу мыйзамсыз курал алуу, сактоо, бирөөнө берүү, ок атуучу курал алып жүрүү, баңги зат сактоо, ташуу фактылары боюнча иликтөө жүргүзүп жатат. Конгантиевдин айтымында, мындан тышкары болжол менен жаза өтөп жаткандардын 30 чамалашы жаза өтөө мекемелеринин ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу фактысы тергелип жатат. Депутатка ок атты деп саналган Рустам Абдуллинге айып тагуу жараяны соңуна чыгып калды. Мындан тышкары Азиз Батукаевге киши өлтүрүүну уюштурган жана ага катышкан адам катары айып тагылат. №31 түрмөдө 20-октябрда болгон ок атууда Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаев, анын жардамчысы дароо набыт болуп, аларды коштоп жүргөн жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын башчысы Икматулла Полотов кийинчерээк ооруканада көз жумган. Башкы прокуратуранын көзөмөлү астында ошондон бери тергөө тобу иликтөө жүргүзүп келатат.

XS
SM
MD
LG