Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:55

Социалдык жеңилдиктер акчалай бериле баштайт


БИШКЕК. Жаңы жылдан тарта Кыргызстанда жеңилдиктердин айрым түрлөрү акчалай төлөм менен алмаштырылат. Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинен алынган маалымат боюнча өлкөдө жаңы жылдан тарта баскыч- баскычы менен электр энергиясы, коммуналдык кызматтар үчүн, унаада жүрүүдө берилген жеңилдиктер акчалай бериле баштайт. Бирок, согуш ардагерлери, майыптар жана жалгыз бой пенсионерлер жеңилдиктердин акчалай төлөмдөр менен алмаштырылышына каршы экендигин билдиришүүдө. Өлкөдө согуштун ардагерлерине, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана башка социалдык жактан жардамга муктаж адамдарга 30дан ашуун жеңилдиктер каралган. 600 миңден ашуун үй-бүлө ар кандай жеңилдиктерден пайдаланышат.

XS
SM
MD
LG