Сауд Аравиянын расмий өкүлдөрү келечек ажылар өлкөгө бүгүн түн ортосунан калбай келиши керек, болбосо 200 миң риал төлөйт деп билдиришти. Бул чектөө учак менен келгендерге тийешелүү. Кыргызстандык 3 миңден ашык мусаапыр сыңарында, автобус менен жүргөндөргө карата кандай чара көрүлөөрү белгисиз. Ажылык сыяпаты 8-январда, жекшембиде башталат.