Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Референдум ушул жылдын акыркы үч айынын ичинде болот


БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиев 5-январда референдумга даярдык көрүү боюнча иш-чаралар тууралуу жардыкка кол койду. Жардыкта референдумга даярдыктардын негизги багыттары белгиленген. Ага ылайык тиешелүү тараптар күзгө чейин Конституциялык кеңешменин, долбоор боюнча жалпы элдик талкуунун жыйынтыктарын талдашы керек.
Президент референдумга чейин башкаруунун ар кандай формаларына, мамлекеттик түзүлүштүн маңызына, конституциялык реформанын башка маселелерине байланышкан иш-чараларды жүргүзүү зарыл деп эсептейт. Жардыкта ошондой эле түшүндүрүү иштеринин жыйынтыгы боюнча бүткүл элдик добуш берүү 2006-жылдын төртүнчү чейрегине дайындала тургандыгы айтылган.

Бул референдумда өлкө калкы «Кыргызстанга кандай формадагы мамлекттик башкаруу керек?» деген суроого жооп берет.

XS
SM
MD
LG