Израилдин премьер-министри Ариель Шарондун мээси кайрадан сүрөткө алынды. Иерусалимдин “Кадасса” ооруканасынын доктурлары сүрөттү изилдеп болгондон кийин, кеселди келерки 24 саатта кантип дарылоо жөнүндө чечим чыгарышат.
77 жаштагы Шарон мээсине кан куюлуп, шаршемби күнү доктурга жаткырылып, андан бери эки татаал операцияны баштан кечирди.
Доктурлар эс-үчүн билбей медициналык уйкуда жаткан Ариел Шарон эртең саарлап ойготула турганын билдиришти.