Бишкек. 26-январда Бишкекте өкмөт үйүндө коррупцияга каршы күрөшүү маселесине арналган өкмөттүк жыйын өтөт. Бул тууралуу 10-январда өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Жыйында март ыңклабынан бери өлкөдө коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу айтылып, башкы прокуратура, ички иштер министрлиги жана башка структуралар маалымат беришет. Президент Курманбек Бакиевдин 30-декабрдагы буйругуна ылайык Кыргыз Республикасынын Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча улуттук кеңеш түзүлдү. Анын курамына президенттин администрациясынын, өкмөт аппаратынын, атуулдук коомдун өкүлдөрү киришти.