Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:58

Кыргызстан Түркиядагы атуулдарын куш тумоосунан сактанууга чакырды


Кыргызстан куш тумоосу жайылып аткан Түркия Республикасында жүргөн жана бул өлкөгө барганы жаткан атуулдарын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сунуш кылган коопсуздук чараларын сактоого чакырууда. Бул жөнүндө бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө айтылган. Андагы маалымат боюнча азыркы учурда Түркияда консулдук каттоодо 1199 кыргызстандык атуулдар бар, алардын көпчүлүгү бул жакта окуп жаткан студенттер. Азыркы убактыга чейин Түркия республикасындагы кыргызстандык атуулдардын ичинен кимдир бирөө ооруканага жаткырылып же кайрылып жардам сураган фактылары болгон эмес. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул проблема боюнча кырдаалды кунт коюу менен байкап турганын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG