Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

ОШ: КАЙРЫМДУУЛУК АКЦИЯСЫ ЧЫРГА АЙЛАНДЫ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Ош шаарында марттагы ыңкылап катышуучуларын жана анын жабырлануучуларынын колдоо боюнча өткөрүлгөн кайрымдуулук акциясы бир катар чыр-чатактар менен коштолду. Иш чарага келген бир катар адамдар кайрымдуулук акциясын уюштургандарды ыңкылапчылардын атын сатуу менен акча топтоп жатат деп айыптап чыгышты.

Март ыңкылабынын катышуучуларын жана андан жабыркаган адамдарды колдоо боюнча акция Ош шаарында 24-январда “Биз Кыргызстанда чыныгы патриоттор бар экендигин далилдейбиз” деген ураан менен ачылды. Иш чараны уюштуруучулардын жетекчиси Абдыкайым Кангелдиев март окуяларында бийликке каршы көтөрүлүп чыккан ыңкылапчыларга мамлекеттик урмат сый көрсөтүү жөнүндө талап коюп жатышканын билдирди:

- Улуу март революциясына катышкан, ден соолугунан ажыраган майыптарга, Aта мекен согушта, Oоган согушунда, Баткен алaаматында катышкан ветерандарга тең келе турган статус берүүсүн талап кылып атабыз. Oшол эле учурда жан дилин аябаган, көкүрөгүн тосуп, чөнтөгүнөн каражатын аябаган азаматтарды ардак китепчеге киргизүүсүн талап кылдык.

Иш чарага жогорку мамлекеттик бийликтин атынан өкүл болуп келген Президенттин алдындагы адам укугун коргоо боюнча комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун мырза март ыңкылабынын катышуучуларына жана андан жабыркаган атуулдарга көңүл буруу маселеси 24-мартка пландаштырылып жаткандыгын айтты:

- Кыргызстан боюнча март революциясына катышкан, азап тарткан, буту-колу, оозу-мурду сынган, кыйналган, курман болгондордун үй-бүлөсүнө, бала-бакырасына толугу менен материалдык-моралдык жардам берүү программасы иштелип атат. Кудай бюрса сөзсүз түрдө программаны 24-мартта ишке ашырабыз.

Ал эми Ош облусунун губернaторунун биринчи орунбасары Кушбак Тезекбаев болсо кийинки учурда президенттин кадр саясатында олуттуу катачылыктар кетип жатканын белгилөө менен мындай саясатты элдик ыңкылаптын талаптарын жана баалуулуктарын маскаралагандык катары баалады:

- Ушул жерге келип кичинекей акча бербесеңер койгула, жылуу сөзүңөр менен учурашып атканыңарга ырахмат. Анан бул акциянын жыйынтыгын Кудай кааласа 24-мартка чейин өзүм чыгарам. Коррупционерлер акча бербесе койсун, бирок элден бийик нерсе жок, тартып алабыз.

Кайрымдуулук акциясы ортолоп калган учурда март окуяларынын катышуучулары менен иш чараны уюштуруп жаткан коомдук бирикменин өкүлдөрүнүн ортосунда пикир келишпестиктер пайда болду.

Өткөн жылы Оштогу март окуяларынын катышуучуларынын бири Тимур Камчыбеков жогоруда аталган коомдук уюм ыңкылапчылардын атын сатып, акча чогултууга акысы жок деп айыптады:

- Кайрымдуулук акциясында чогулган акча кайда жумшалат, үстүндө ким турат? Чыныгы революционерлер турабы? Mен революцияда катышкандардын бирин да көргөнүм жок. Бүгүн революцияонрелердин атын жамынып алып бул жерде акция уюштуруп акча чогулткан бул туура эмес.

Кайрымдуулук акциясынын аягында чыгып кеткен чыр-чатактан улам канча каражат топтолгондугу жана ал кандай максаттарга жумшала тургандыгы боюнча маалымат жарыяланган жок.

XS
SM
MD
LG