Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:04

ОРУСИЯЛЫК АДАМ УКУГУН КОРГООЧУЛАР МЕНЕН АНГЛИЯЛЫК ЧАЛГЫНЧЫЛАР ТАБАКТАШ БОЛУШКАНБЫ?


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусияда «тыңчылык чатагы» аталышта жаңжалды шаршембиде Мамдума депутаттары карашты. Мурунку жекшембиде мамлекеттик сыналгы каналы «Россия» көрсөткөн - таштын ичине катылган алакандай компьтер чатагы саясатчылар менен эксперттер оозунан эмдигиче түшө элек. Шаршембиде «Бирдиктүү Орусия» фракциясы сунуштап ал окуя шааниси башкача жолго салынганы айтылууда. «Бирдиктүү Орусия» өкүмөтүк эмес уюмдар ишкердигине атайын кызматтагылардын таасири болушуна тыюу салган атайын кайрылуу кабыл алдырткан.

Кеткен базар күнү мамлекеттик сыналгы «Россия» сунуштаган «тыңчылык таш» чатагы кыйланын оозундагы кеп болууда. Анда орусиялык ФСБ кантип англиялык чалгынчылар тыңчылык ишинин бетин ачкандыгы көргөзүлгөн. Көчө боюнда жаткан чулу таштын ичине катылган, азыркыча айтканда, алакандай компьютер чалгынчылык иштин данеги болду дешкен. Болжолдуу айтылган ал кепте ташка чукул келген кишинин колунда чөнтөк телефонунан маалымат алып кайра ага тапшырма берип турууга мүмкүн болгон делинет. Ал жерде болуп кетишкен төрт англиялык дипломатиялык кызматкер ысымдары айтылган.

ФСБ өкүлү Игнатченко билдиргенге караганда, Улуу Британия элчилигинен каражат алган орусиялык өкүмөттүк эмес уюмдар арасында Маскөөдөгү Хелсинки тобу, Евразия кору, Демократияны өнүктүрүү борбору, Абакта жаткандарды кыйноого каршы күрөшүү тобу жана башкалар бар.

Жакында орусиялык парламент өлкөдөгү өкүмөттүк эмес уюмдарды кайрадан каттоодон өткөрүчү мыйзам кабыл алган. Ал мыйзам талабына ылайык эми четтен алган каражатты эмне ишке жумшаганын ар бир өкүмөттүк эмес уюмдар орусиялык бийликке айтып туруга милдеттүү болот. Мыйзамда: «эгерде өкүмөттүк эмес уюм ишкердиги мамлекеттин жеринин бир бүтүндүгүнө шек келтирсе же улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирсе, андай уюмду бийлик жаап салууга укуктуу», - деген жери бар. Адам укугун коргоочулар Кремлдин бул жолку «тыңчылык таш» окуясы ошондой чабуулдун бири дешет.

Чалгынчылар менен адам укугун коргоочулар кызматташуусу дегеле мүмкүн эмес деген пикирди советтик кезден адам укугун коргоочу атанган жазуучу Владимир Буковский айтты:

«Адам укугун коргоочулар эч убакта эч кандай атайын кызматтагылар менен жакын боло албаган. Бизди көргөндө атайын кызматтагылар от келаткандай каччу. Эмне дегенде биздин артыбыздан дайыма аңдып жүргөндөр болот. Андан тышкары алар жашырын жабык иш кылышат, а биз дайыма көпчүлүк уккудай ачык иш алып барабыз», - дейт Буковский мырза биздин радиого берген маегинде.

Анализчилер чөйрөсүндө канткен менен «Орусиялык бийлик тыңчылык чатагы менен жарандар кыйласынын көөнүндө «өкүмөтүк эмес уюмдар Батыштын каржыланышы зыян тура!» - түшүнүгүн жаратты», - дешет. Орусияда демократиялык коомдун өнүгүшү үчүн батыштык өкүмөттөр бул мамлекет коомдук уюмдарына ачык жардам берип келе жатышат. Бирок былтыр Украинада Виктор Ющенконун жаатташтары шайлоодо жеңип чыккандан кийин батыштык жардамга Кремлдин көзү бузулду дешет.

Шаршембиде Мамдума күн тартибине кирген «тыңчылар чатагы» каралып «Бирдиктүү Орусия» фракциясынын сунушу менен «өкүмөтүк эмес уюмдар ишкердигине атайын кызматтагылар таасиринин болушуна тыюу салуу» чечимин кабыл алган.

Анализчилер арасында «Бул жерде саясатка аралашкан гана уюмдарды ооздуктоо бар», - дешкендери да бар. «Анда урук-туугандары террордук кылган деген чечендер менен байланышып аткан адам укугун коргоочу уюмдарга бийликтин кандай мамилеси болот?» - дегендер да бар.

XS
SM
MD
LG