Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:53

Тажикстанда аскерий окуу жайынын башчысын атып кетишти


Бүгүн эрте менен Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбү шаарында Коргоо министрлигинин аскерий академиянын башчысы Хокимжон Хафизов үйүнөн чыга бергенде, аны белгисиз бирөө атып кетти. Бул тууралуу Тажикстандын Коргоо министрлигинин басма-сөз кызматы кабарлады.

Өлкөнүн Коргоо министри Шерали Хайруллаев шашылыш жыйын өткөрүп, бул окуяны кылдат иликтөөнү буйурду.

42 жаштагы Хокимжон Хафизов соңку сегиз жылдан бери Тажикстандагы аскерий академияны жетектеп келген эле.

XS
SM
MD
LG