Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:21

БУУНУН ЖЕТЕКЧИЛИГИНЕ АЯЛДЫ ДАЙЫНДООГО МЕЗГИЛ ЖЕТТИ


Жаңыл Жусубжан " Теңдик бизге азыр керек" деп аталган аялдардын укугун коргогон эл аралык уюм Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешин БУУнун кийинки баш катчылыгына аял кишини дайындоого чакырган өнөктүк баштады. Ушул максатта аталган уюм бул кызматка татый турган дүйнөлүк аял лидерлердин ысымдарын жарыялады. БУУнун баш катчылыгынан Кофи Аннан ушул жылдын аягында кетет.

Жаки Хант Лондондон туруп иштеген "Теңдик бизге азыр керек" уюмунун директору. Ал Бириккен Улуттар уюму 60 жыл мурда түзүлгөндөн бери канча чыгаан ургаачы чыкса да, алар БУУнун жетекчилигине бир да жолу шайланбаганын эскертти:

Дүйнөдө бир канча татыктуу аял бар экенин эске алганда, Бириккен Улуттар уюму чынында да уттуруп жатат, зор потенциалдан кур калууда. Биз ишти ачык жүргүзүп (азыр андай ачыктык жок), дүйнө жүзүндө кандай татыктуу адамдар, анын ичинде аялдар бар экенин карап көрөлү да ошого жараша иштейли.

Хантстын айтымында, Бириккен Улуттарда негизи аялдар аз. Ал эми жалпы эле дүйнө жүзүндө чечим чыгаруу бийлигинде жетиштүү санда болбогону, БУУнун теңдик, өнүгүү жана тынчтык максаттарына кедерги болуп жатат:

БУУнун баш жыйыны жыл сайын аялдарды көбүрөөк тартууну караган резолюцияны кабыл алат, бул максатка ылайык келет. Бейжинде 1995-жылы кабыл алынган "аракеттер платформасында" БУУнун жогорку кызматтарына аял талапкерлерди көрсөтүүнүн механизмин иштеп чыгуу каралган эле. Ошондо жапырт теңдикке, айрыкча профессионалдык деңгээлде теңдикке 2000-жылга чейин жетүү мерчемделген болчу.

Бейжиндеги конференциядан бери 10 жылдан ашык мезгил өттү, бирок "Теңдик бизге азыр керек" уюмунуна ылайык, Улуттар уюму ал максаттарга караандаган да жок. Өткөн жайдагы эсепке ылайык, БУУнун баш катчысынын орун басарларынын 16 гана пайызы аялдар.

Тизмеге алынып жаткан айымдардын арасында БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Луиз Арбор, БУУнун Калк Корунун мурдагы жетекчиси Нафис Садик, Бирма мамлекетинин оппозиция лидери, Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Ауң Сан Су Ки жана башка 18 киши бар. Хант бул тизме чектелүү гана ысымдарды камтыырын эскертти. Учурда БУУнун эң жогорку кызматына талапкерлерди мерчемдөө жана маектешүүлөр башталып калды, "Теңдик бизге азыр керек" уюму дал ушул тапта демилге көтөрүп чыгып жатканы да ошондон.

XS
SM
MD
LG