Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:34

ТАМАША СҮРӨТ: МУСУЛМАНДАРГА - ТАКМАЗА, ЕВРОПАЛЫКТАРГА - ЭРКИНДИК


Мухамед пайгамбарга тартылган карикатурлар Батышта жана Чыгышта эки уюлдай карама-каршы ой-пикирлерди жаратты. Европада бир катар гезиттер азил сүрөттөрдү көчүрүп басып, муну көптөгөн азап-тозоктор аркасында жетишкен сөз эркиндигин коргоо аракети деп түшүндүрүштү. Ал эми Жакынкы Чыгышта көптөгөн басылмалар мусулмандардын нааразылыгын колдоп чыгышты.

Мусулман дүйнөсүндө Мухамед алейсаламга акаарат келтирди делинген азил сүрөттөрдөн европалыктар эч кандай деле эрөөн-терөөн көрүшкөн жок. Мындай позицияны карикатураларды көчүрүп баскан “Франс суар” гезитинин башкы редактору Серж Фобер европалык саясий маданияттын саралуу принциби деп түшүндүрдү. “Карикатуристтер бу сыяктуу тамаша сүрөттөрдү тартканга, ал эми гезиттер аларды жарыялаганга укуктуу”,- деп айтты ал. Бу пикирин Фобер атактуу француз философу Вольтердин: “Сиздин көз караштарыңыз менен макул боло албайм, бирок аларды айтканга сиздин укугуңузду коргогонго башымды сайып күрөшкөнгө даярмын”, - деген кеңири белгилүү кеби менен бышыктады.
Бул ой эски континенттин бейдинаятчыл,гуманисттик насилин аныктаган негизги принцип экенин, аны коргогонго даяр турушканын континенттеги көптөгөн басылмалар ырасташууда. Мухамед пайгамбарга бомба түспөлдүү чалма кийгизилген азил сүрөттү, анын башка да варианттарын соңку күндөрдө Италияда,Испанияда, Францияда, Германияда, Британияда,Португалияда жана башка өлкөлөрдө бир катар басылмалар көчүрүп басышты. Аларга Венгриянын,Чехиянын жана Болгариянын гезиттери да кошулду. Германияда чыгуучу “Вельт” гезитинин башкы редактору Рожер Коэппелдин ырастоосуна ылайык, европалык басылмалар үчүн ой эркиндиги, эркин сөз укугу айрым бир кишилер андан жабыр тарткан күндө да абдан маанилүү болуп саналат. Карикатураларды көчүрүп басып, эски материктеги журналисттер мусулмандарды мазактоо максатын көздөп отурган жок, тескерисинче, континенттин тарыхында далай азап-тозоктордун аркасында жетишилген сөз эркиндигин коргоп калгысы келишет. Мындай тамаша сүрөттөр Батыш исламга каршы дегенди эгерим билдирбейт.Анын үстүнө эски материкте христиан дининде Иисустан тартып Рим папаларына чейинки ыйык саналгандардын баарын сатиранын күйдүргү отуна кактап, куйкалаган салт илгерки инквизициядан кийинки доорлордон бери келатат.
Еврокомиссиянын мүчөсү Франко Фраттини ой-пикирдин эркиндиги Европанын негизги түп туткан принциби экенин эске салып, сатира, карикатура, атүгүл анын одоно түрү да ошол эркиндиктин ажырагыс бөлүгү болорун белгиледи. Мындай шарждарды жарыялаганга, телеэкрандан көрсөткөнгө маалымат каражаттарынын укугу бар экенин Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Миклош Харашти да ырастады.
Жакынкы Чыгышта, жалпы мусулман дүйнөсүндө болсо мунун баары Мухамед алейсаламды такмазалоо катары кабыл алынды. Египет гезиттери карикатураларды “исламга жана мусулмандарга каршы заговор” маанисинде баалашты. Ошентсе да Иорданияда бир гезит азил сүрөттөрдү көчүрүп басып, анын редактору Жихад Момани: “Исламга баарынан көп ушул азил сүрөттөр зыяндуубу же барымтага алынган адамды телекамеранын алдында бычак менен мууздап жаткан мыкаачылык менен Аммандагы үйлөнүү тоюнда өзүн жардырып жиберген жанкечтилик кесирлүүбү?!” - деп собол койду. Редакторду эртеси кызматтан алышты. Басылманын эгеси Исам ал-Нажбави бул кадам аларды абдан оңтойсуз абалга койгонун, аны териштирип чыгуу үчүн тийиштүү кадамдар көрүлүп жатканын ырастады.
Мухамед алейсаламга акаарат келтирди делинген тамаша сүрөттөргө байланыштуу Ирандын демилгеси менен Ислам конференциясы уюму өзүнүн чукул жыйынын чакырууну чечти. Индонезияда жума күнү жаалданган мусулмандар Даниянын элчилиги жайгашкан имаратка кирип барып, тоз-тополоң салышты. Жакынкы Чыгышта радикалдуу уюмдар европалык бир катар өлкөлөрдүн дипломатиялык мекемелерин жабууну талап кылышты, болбосо алардын күлү көккө сапырылат деп эскертишти. Пакистанда, Ооганстанда нааразылык жыйындар, жүрүштөр болуп өттү. Мухамед пайгамбарга тартылган карикатураларды ооган,пакистан президенттери кескин айыпташты.Иордан падышасы Абдалла болсо муну “акылга сыйбас кылмыш” катары баалады. Египет президенти Хосни Мубарак сатиралык сүрөттөрдү жарыялаган европалык гезиттер террористтердин көөлүсүнө суу куюп бериши мүмкүн экенин эскертти.
Россиялык мусулмандардын азирети муфтийи Талгат Тажуддин ислам дүйнөсүнүн айрым бөлүгүнүн буркан-шаркан түшүп жатканын аша чапкан реакция деп атады. “Жарыяласа жарыялаптыр, алардын көз карашы ушундай, демек,буга алардын укугу бар. Бирок ушундан улам бүтүндөй бир мамлекетти омуроолоп, опузалаган туура эмес,ушунун өзү мусулманчылыкка жатпайт”,- деп айтты ал.

XS
SM
MD
LG