Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:52

Жешкенкулов Ташкенге барат


Кыргызстандын тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов 8-фералда Ташкенге барып, баңги заттарынын мыйзамсыз айлануусуна чек коюуга байланыштуу регионалдык жыйынга катышат. Бириккен Улуттар Уюмунун демилгеси менен өтө турган жыйынга Борбор Азия, Кавказ өлкөрүнүн жана Россиянын министрлери катышмакчы. Жыйында баңги заттарын мыйзамсыз соодалоого чек коюу максатында Борбор Азия регионалдык маалыматтык-координациялык борбору түзүлүп, анын кайсыл жерге жайгаштыруу маселеси чечилмекчи. Министрликтин маалымат катчысы Нуржигит Кадырбековдун билдирүүсүнө караганда, Аликбек Жекшенкулов Өзбекстандын тышкы иштер министри жана башка министрлери менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу маселелери боюнча да пикир алышмакчы.

XS
SM
MD
LG