АКШ президенти Жорж Буш кечээ күнү Конгресске кайрылып, өлкөнүн 2007-жылдагы бюджетин эки миң 770 триллион доллар өлчөмүндө бекитүүнү суранды. АКШ өкмөтүнүн айтымында, быйылкы бюджет тартыштыгы 423 миллиард доллар болот жана ал тартыштык 2007-жылы 354 миллиард долларга чейин кыскарууга тийиш. Сенаттагы демократтардын жетекчиси Гарри Рейд президенттин пландарын катуу сынга алды.