Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:12

АННАН ИРАНДЫ ПОЗИЦИЯСЫН ӨЗГӨРТҮҮГӨ ЧАКЫРДЫ


Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан дүйшөмбү күнү Вашингтондо Ак үйдө АКШ президенти Жорж Буш менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушуу аяктаган соң Аннан Иранды Батыш менен сүйлөшүүлөрдү жандантканга чакырып, Тегеранга өзүнүн атомдук программасына байланышкан талаш-тартышты күчөтүү кажетсиз экенин эскертти. Кырк беш мүнөткө созулган жолугушуу учурунда тараптар Жакынкы Чыгыштагы жагдайды, Судандагы гуманитардык кризисти да талкуулашты.

Иран проблемасына кайрылып, Аннан атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин – МАГАТЭнин эмдиги айдагы жыйынына чейин Тегеран өзүнүн позициясын өзгөртүүгө тийиш экенин белгиледи. Аннан МАГАТЭ кезектеги докладын даярдаганга чейин Иран өкмөтү сүйлөшүүлөр биротоло бүтпөгөнүн, талкууларды кайра баштаса болорун билдирген ишаара жана кадам жасарына, тараптар арай көз чарай отуруп, кризистен чыкканга жол издей турганына үмүт кыларын айтты. Аннан ошондой эле Тегеран кырдаалдын кылоосун курчуткан калпыстыктарга да барбайт деген ишенич билдирди.

Иран өзүнүн атомдук программасын жалаң жайчылык максаттарды гана көздөгөн иштей көрсөтүп, ушул ойдон көшөрүп кайтпай келет. АКШ менен Евросоюз болсо муну Тегерандын көз жазгырган шылтоосундай санап, чындыгында Иран атом куралын жасап жатат деп шектенет. Кокус иш Улуттар Уюмуна берилсе, Иран толук өлчөмдө уран байытканга кирише турганын эскерткен эле. Айрым кабарларда чакан масштабдагы иштер башталганы айтылууда. Тегеран мындан тышкары Россия менен ушул бейшембиге белгилеген сүйлөшүүлөрүн кийинки аптага калтырды. Президент Махмуд Ахмединежад өткөн ишембидегы жыйында Иран МАГАТЭ менен ядролук куралдарды таркатпоо келишиминде аныкталган эрежелерди бек сактап келгенин белгилеп, ким-бирөөлөр бул эрежелерди эми ирандыктарга каршы пайдалангысы келсе, Тегеран өз саясатын өзгөртө турганын эскертти.

Ак үйдө Буш менен Аннан Жакынкы Чыгыштагы жагдайды да талкуулашты. Буш региондо кантсе да эркиндик жана демократия үстөмдүк абалга жетерине ишенерин айтып, эч кандай тактоо жасаган жок. Ал эми Аннан парламенттик шайлоодо жеңип чыккан “Хамас” уюму “жол картасы” планын кабыл аларына ишенич артып жатканын жашырбады. Аннандын айтымында, “Хамас” үчүн эми саясий партияга айланып, эл аралык коомчулук жана Израил өкмөтү менен иштешкенге мүмкүндүк бар.

Буш менен Аннан Судандын Дарфур провинциясында тынчтыкты камсыз кылуу үчүн башка өлкөлөр менен биргелешип иштөө зарылдыгын макулдашты.Дарфурда куралдуу кагылыштардан оң миңдеген адам набыт болуп, 2 миллиондой киши үй-жайын таштап,тентип-тербип кетти.

Жолугушууда Мукамбет пайгамбарга тартылган такмаза сүрөттөрдөн улам мусулман өлкөлөрүндө уланып жаткан аламан нааразылыктарга байланыштуу да сөз болот деп айтылган эле. Бирок бул темада кеп болгон-болбогону тууралуу эч ким эч кандай сөз айткан жок.

XS
SM
MD
LG