Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:44

Саддам Хусейн ачкачылык жарыялады


Шейшембиде Ирактын мурдагы президенти Саддам Хусейнге жана аны менен кошо айыпталган жети адамга каршы сот иши улантылды. Анда Саддам “баардык айыпталуучулар үч күндөн бери ачкачылык жарыялап жатышканын” айтты. Алар бул иште жаңы сот төрагасы Рауф Абдел Рахманды аларга карата адилетсиз мамиле кылып жатат деп, сот процессине эки жолу келбей да коюшкан эле.
Саддам Хусейн жана ирактык мурдагы чиновниктер “1982-жылы Дуджайл шаарында 148 шийи мусулманын кырып жок кылышкан” деп айыпталып жатышат.

Төрөкул Дооров, Прага

XS
SM
MD
LG