Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

Орловкадагы жагдайды жөнгө салууга каражат бөлүндү


БИШКЕК. Кемин районунун Орловка айылындагы таштандыларды сактоочу жайда уу заттардын деңгээли нормадан ашык эмес. Мындай бүтүмдү саламаттык сактоо министрлигинин санэпидемиялык көзөмөл департаменти чыгарды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, айылдын чыгыш жагындагы тиричилик таштандылары сакталган жайдан кремний затын издеп, жергиликтүү тургундар 11-февралдан бери казып жаткан. Бул аймак уу зат калдыктарын сактоочу жай менен жанаша жайгашып турат жана жергиликтүү тургундардын уруксатсыз аракеттери уу зат калдыктарын сактоочу жайдын бүтүндүгүн бузган. Ошондуктан, министрлик авариялык жагдайды тез арада жөнгө салууга 100 миң сом каражат бөлдү. Ал эми уруксатсыз аракеттерди Коопсуздук кызматы менен Кемин райондук прокуратурасы иликтеп жатат деп айтылат Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматта.

XS
SM
MD
LG