Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:24

БЕЛАРУСТА ПРЕЗИДЕНТТИККЕ КИМДЕР АТ САЛЫШААРЫ БҮГҮН БЕЛГИЛҮҮ БОЛОТ


Төрөкул Дооров, Прага Бүгүн, 17-февралда, Беларуста ушул жылы 19-мартта өтө турган президенттик шайлоого талапкер болуп катталгандардын ысымдары жарыяланат. Азырынча төрт талапкер катталат ко деп болжолдонууда. Алардын экөөсү – оппозициядагы саясатчылар Александр Казулин менен Александр Милинкевич. Беларус оппозициясынын айрым өкүлдөрү ал эки оппозиционер шайлоого тандем менен чыкса, азыркы президент Александр Лукащенкого атаандаштыкты түзө ала турган бир күчтүү талапкер болот эле деп үмүттөнүп жатышат. Анткен менен Казулин да, Милинкевич да азырынча шайлоо кампанияларын өз-өзүнчө өткөрүшүүдө.

Ошентип, президенттик кызмат үчүн ким күрөшүүгө укук алганы бүгүн дайын болот. Ошол эле замат бир айлык шайлоо өнөктүгүн баштоого да ырасмий уруксат берилет.

Азырынча аналитиктер өлкөдөгү бул жалпы шайлоодо төрт талапкер боло турганын айтышууда. Булар: азыркы президент Александр Лукащенко, бириккен оппозициянын атынан чыгып жаткан Александр Милинкевич, либерал-демократттардын башчысы Сергей Хайдукевич менен социал-демократтардын лидери Александр Казулин.

Бул жолку шайлоо тынч өтөт деп күтүлүүдө.
“Беларусские новости” басылмасынын баш-редактору Кирилл Позняктын айтымында, талапкерлер эми түрдүү акцияларды уюштуруу үчүн да уруксат алышы керек экен.

- Талапкерлер эми шайлоочулар менен жолугушуу үчүн мыйзамдын чегинде уруксат алышмакчы. Азыртадан эле айрым чектөөлөр башталды. Минск бийликтери талапкерлер эл менен жолугушуу үчүн уруксат сурашы керек деп жатышат. Бирок шайлоо кодексинде бул өңдүү талаптар айтылган эмес жана талапкерлер шайлоочулар менен эркин эле жолугушууга укуктуу, - дейт Позняк.

Оппозиция бул өңдүү чектөөлөрдү “антиконституциялык аракет” деп баалады.

Коом пикирин изилдөөчү эларалык уюмдардын бири Gallup январдан ортосунда жалпы өлкө боюнча сурамжылоо жүргүзгөн. Анын жыйынтыгына ылайык, беларусиялыктардын 55%зы алдыдагы шайлоодо добушун азыркы президент Лукащенкого бере тургандыгын айткан. Ал эми Милинкевичке суралгандардын болгону 17%зы эле ишеним көрсөтө тургандыктарын билдиришти.

Позняктын ишениминде, талапкерлердин ичинде Лукащенко азырынча кызматтагы мамлекет башчы катарында, башкаларга караганда, көбүрөөк мүмкүнчүлүктөргө ээ.

- Мамлекеттик гезит-жуналдарда, сыналгы, үналгы каналдарында Лукащенко жөнүндө сөз көп боло турганы бышык. Маалымат каражаттарындагы талкуунун дээрлик 70-90%зы Лукащенко жөнүндө болот. Анын үстүнө президент жөнүндө, адатта, жакшы кабарлар гана берилет. Ал эми оппозициялык лидерлер тууралуу сүйлөгөндө көбүнчө терс маанидеги маалымат кетет, - дейт беларусиялык журналист Кирилл Позняк.

Мыйзамда, негизи, саясатчылар “талапкер” болду деп ырасмий түрдө аталганга чейин эч кандай шайлоо өнөктүгүн өткөрө алышпай тургандыгы айтылган. Бирок аналитиктер Александр Лукащенконун маалымат каражаттарындагы өнөктүгү жөн гана “президенттин күнүмдүк иши” деген мааниде көптөн бери эле жүрүп келатканын айтышууда.

“Бул эле эмес, мамлекеттик гезит-журналдарда жалпы эле оппозицияны жана анын лидерлерин сынга алган макалалар да басылып жатат”, - дейт Позняк.

Канткен менен бу жолку шайлоодо да Лукашенко утуп чыгаарынан эч ким күмөн санабай турат. Анткени аны менен катуу күрөшө ала турган күчтүү оппозициялык лидерлер: “Баары бир дурус шайлоо болбойт”, - деп алда качан эле ага катышуудан баш тартышкан.

XS
SM
MD
LG