Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:56

АКШНЫН ЧАЛГЫН КЫЗМАТЫНА БАЙЛАНЫШТУУ ТАЛАШ УЛАНУУДА


Жаныл Жусубжан, Прага Кошмо Штаттарында өзүн ЦРУнун мурдагы эксперти деп атаган киши президент Буштун Иракка кол салуу чечимине ачык акаарат айткандыгы Ирак согушунун айланасындагы кырдаалга кайрадан коомчулук көңүлүн бурду.

Ушул жума күнү президент Буштун улуттук чалгын кеңешчиси Жонн Негропонте Вашингтондо сөз сүйлөдү. Ал АКШнын чалгын тармагындагы реформалар тууралуу айтып берген соң, угуп отургандардын бири ордунан туруп, кыйчалыш суроо салды.

Ал киши Жорж Буш жана анын айланасындагылар Иракка кол салууну мурдатан эле пландап алып, америкалыктардын арасында дезинформация өнөктүгүн баштаганын, бийлик өкүлдөрү чалгын тармагын эл алдында жаманатты кылууга аракеттенгенин айтып, Негропонтеге "сиз чалгын кызматтарынын абройун коргоп, жана алардын ишинин сапатын кепилдөө үчүн кандай аракет көрдүңүз эле?" деп суроону кабыргасынан койду. Негропонте бир топко унчукпай калып, анан бышкырып күлгөн угармандарга кошулуп күлүмүш болду. Акыры ал АКШнын чалгын кызматтары 2001-жылдын 11-сентбярындагы чабуулдарды алдын ала албагандан кийин, дароо реформалана баштаган болчу деп жооп берди.

Ал ошондой эле чалгын кызматтарынын сапаттуу ишин жана аларга болгон ишенимди кепилдөө үчүн колдон келген аракеттер жасалганын, бул жааттагы аракеттер уланыла берээрин кошумчалады. Ал реформалардын арасынан алтернативалуу анализге орун берип, президентке ар күнү ар кыл чалгын кызматтарынын маалыматтарын берип туруу практикасынын ишке киргизилишин атады.

Кийинки кездерде Буш администрациясынын америкалыктардын артынан тыңчылык кылуу саясаты да көп талаш тартышты жаратты. Тактап айтканда, Нью-Йорк Таймс гезитинин декабрда жазышынча, Буштун администрациясы айрыкча тымызын иштеген Улуттук Коопсуздук агенттигине электрондук байланыштарды соттун атайын чечимисиз тыңшап, текшерүүгө уруксат берген программа менен иштеп келатат. Конгресстин көп мүчөлөрү, анын ичинде Буштун өзүнвн Республикачыл партиясынын өкүлдөрү бул саясатты сынга алып, Таймс гезитин бул тууралуу жазып чыккандыгына жогору баа беришкен. Негропонте өкмөттүн иши тууралуу коомчулуктун маалымдуу болушу демократиянын белгиси экендигин айтып, ошол эле убакта улуттук коопсуздукка тийешелүү болгон жашыруун сырды ачыкка чыгаруу максатка ылайык болбогону менен катар, мыйзамга да каршы келиши мүмкүн деди. Маалыматты гезиттерге бергендин ордуна, деди Негропонте, тынчсызданган мамлекеттик кызматкер кабыл алынган тартип боюнча аракеттенип, анын ичинде өз мекемесинин жетекчилигине кайрылышы керек деди.

XS
SM
MD
LG