Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

Алыскы райондорго “Тез жардам” машинелери берилди


БИШКЕК. 24-мартта Жогорку Кеңештин алдындагы аянтта премьер-министр Феликс Куловдун катышуусунда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу кору республиканын алыскы райондорундагы ооруканалар үчүн “УАЗ” үлгүсүндөгү 39 “Тез жардам” автоунаасын тапшырды.

Учурда өлкөдөгү медициналык дарылоо мекемелеринин 68 пайызы гана “Тез жардам” автоунаасы менен камсыздалган. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы милдеттүү медициналык камсыздандыруу корунун директорунун орун басары Болот Элебесовдун айтымында, келерки жылы Дүйнөлүк банк тарабынан да “Тез жардам” автоунаасын сатып алуу макулдашылууда. Аталган кордун алыскы райондордогу ооруканалардын техникалык-материалдык базасын чыңдоо жана дары-дармектер менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүгү бар.

XS
SM
MD
LG