Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06

ИРАНДЫН ЯДРОЛУК ПРОГРАММАСЫ АЛГА ЖЫЛУУДА


Баян Жумакадыр кызы, Прага Ирандын Японияда үч күндүк иш визит менен жүргөн тышкы иштер министри Манушер Мотахи япон расмий өкүлдөрү менен Ирандын ядролук программасына байланышкан суроолорду талкуулоодо. Мындан бир күн мурда Иран Россия менен уранды байытуу маселесинде принципиалдуу макулдашууга жетишкенин жарыялады. Бирок бул макулдашууга Москва менен Тегеран дагы бир катар тактоолорду киргизүүлөрү абзел.

Японияга жасап жаткан визитинин учурунда Ирандын тышкы иштер мекемесинин башчысы Манушер Мотахи Япониянын тышкы иштер министри Таро Асо менен жолугушту. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ирандык министр Иран ядролук технологиясын тынчтык максаттарда өнүктүрүүгө укуктуу экенин белгилеп, анын өлкөсүнүн ядролук курал иштеп чыгарууга ниети жок экенин дагы бир жолу ырастады.

Россия менен Ирандын ортосунда биргелешкен ишкана түзүү жөнүндө келишим жетишилгендиги жөнүндө жекшемби күнү Ирандын атомдук энергия агенттигинин башчысы Голамреза Агазадех Россиялык кесиптеши Сергей Кириенко менен жолугушкан соң билдирген.
-Бул орток ишкана жөнүндө принципиалдуу макулдашуу жетишилди. Долбоорду ийине жеткирүү үчүн Россия менен сүйлөшүлөр алдыдагы күндөрү улантылат,-деди Голамреза Агазадех.

Россия алгач Ирандын уранын Россия аймагынан байытууну сунуш кылып, муну менен Иран байытылган уранды ядролук курал чыгаруу үчүн пайдаланат, деген батыштын камтамасын басууну көздөгөн. Белгилүү болгондой, байытылган уран ядролук реакторлорду иштетүү үчүн, ал эми өтө байытылган уран ядролук бомбаларды жасап чыгаруу үчүн колдонулушу мүмкүн.

Азырынча сөз болуп жаткан макулдашуунун майда-чүйдөсү жарыялана элек, бирок кабар агенттиктер Россия менен Иран алгач сунуш этилгенден алда канча кеңири план иштеп чыккан болуулары керек, деп божомолдоп жатышат. Жекшемби күнү Тегеранда өткөн сүйлөшүүлөрдөн Москвага кайтып келген Сергей Кириенко макулдашууну толук иштеп чыгуу үчүн убакыт тар болуп жатканын белгилеп, ошого карабастан Ирандын ядролук программасына байланышкан жаңжалдуу маселени дипломатия жолу менен чечүүгө али мүмкүн экенин билдирди.
-Алдыда дагы бир топ иштер турат, биз сүйлөшүлөрдү жакын арада Москвадан улантууну макулдаштык. Сүйлөшүүлөр оңой- олтоң болгон жок, татаал болду. Бирок мен маселенин дипломатиялык жол менен чечилүсү мүмкүн экенине ишенем,- деди "Росатомдун" башчысы Кириенко.

Тегеран менен экономикалык алакалары бар Токио Ирандын ядролук программасына байланышкан маселенин дипломатиялык жол менен чечилип, маселенин Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин кароосуна койулбасына кызыкдар. Мындан эки жылча мурда Япония Ирандын Азадеган мунай кенин иштетүү долбооруна кол койгон. Япония мунайынын 15 процентин Ирандан сатып алат.

XS
SM
MD
LG