Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:14

ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ТӨРАГАЛЫГЫНА БИР ДА ТАЛАПКЕР ӨТКӨН ЖОК


Бүгүн 28-февралда кыргыз парламентинде өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгында төрагалыкка көрсөтүлгөн төрт талапкердин бири да өткөн жок.

Төрагалык кызматка бүгүн төрт депутаттын– Темир Сариев, Сооронбай Жээнбеков, Жантөрө Сатыбалдиев жана Кубатбек Байболовдун талапкерлиги көрсөтүлдү. Биринчи турдун жыйынтыгында алдыга К. Байболов менен Т. Сариев чыгышты. Экинчи турда Байболовду колдоп 24, каршы 14 добуш, Т. Сариевди жактап 14, каршы 24 добуш берилди. Үчүнчү турда К. Байболовдун талапкерлигин колдоп 34, каршы 25 добуш чыкты. Регламент боюнча өтүш үчүн 38 добуш керек болчу, ошол себептүү төрт добуш жетпегендиктен К. Байболовдун дагы талапкерлиги да өткөн жок.

Эми парламент төрагалыгына жаңы талапкерлер көрсөтүлүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG