Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:09

Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоо боюнча келерки добуш берүү бейшемби күнү болот


БИШКЕК. Төрагалыкка реалдуу мүмкүнчүлүгү бар депутат Кубатбек Байболовдун шайланбай калышын депутат Искак Масалиев төрага болууну каалап, бирок, сунушталбай калган депутаттардын аракеттерине да байланыштуу болушу мүмкүн деп болжоду. Дагы бир талапкер Темир Сариев жыйынтыксыз добуш берүүнү саясий күрөштөгү кадырэсе көрүнүш деп эсептейт. Депутат Марат Султанов муну талапкерлердин бири-бири менен келише албастыгы менен байланыштырды. Жогорку Кеңешке төрагалыкка талапкер катары катышкан депутаттардын бири Жантөрө Сатыбалдиев парламент төрагасынын шайланбай калышына парламент ичиндеги, аткаруу бийлигиндеги ар кандай кызыкчылыктары бар саясий тараптардын көмүскө аракетинин тыянагы катары баалады. Ал эми президенттин парламенттеги өкүлү Данияр Нарынбаев президент төраганын шайланышына кызыкдар экендигин, ал эми депутаттардын төраганы тандоо эркине эч кандай киришпегендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG