Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:31

Президент Курманбек Бакиев жаңы спикер Марат Султанов менен жолугушту


БИШКЕК. 2-мартта президент Курманбек Бакиев Жогорку Кеңештин жаңы шайланган төрагасы Марат Султановду кабыл алды. Анда өлкө башчысы Марат Султановду парламенттин төрагасы болуп шайланганын куттуктап, депутаттар элди түндүк-түштүккө бөлбөгөн татыктуу спикерди тандап алышканын белгиледи. Ал ошондой эле Жогорку Кеңеш калктын ишенимин актай тургандыгын, алдыга жылууга үмүтү зор экендигин билдирди. Марат Султанов өз сөзүндө парламент экономикалык-социалдык маселелерге басым жасай тургандыгын, бардык бийлик бутактары менен бирдикте жемиштүү иш алып бара тургандыгына токтолду.

XS
SM
MD
LG