Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:50

БЕЛОРУС ОППОЗИЦИЯСЫ ДЕМДЕНЕ БАШТАДЫ


Бейшемби күнү Минскиде оппозициянын активисттери жыйын өткөрдү. Кыркаар тарткан милиция күчтөрү аларды калың кырчоого алып, акмалап турушту. Митинг учурунда эч кандай чыр-чатак болгон жок. АКШ,Евросоюз жана ОБСЕ президенттик шайлоо алдында Белоруссияда бийликтер оппозициянын лидерлерине, жалпы эле жарандар коом мүчөлөрүнө кысым жасоону күчөткөнүн айыпташууда. Президент Александр Лукашенко өз кезегинде Батышты өлкөнүн ички иштерине кийгилишүүдө деп сынга алууда.

Минскидеги жыйынга үч миңден ашуун адам катышты жана бириккен оппозициядан президенттикке талапкер болуп көрсөтүлгөн Александр Милинкевичке колдоо билдиришти. Милинкевич болсо митингге келгендерди “Белоруссияга эркиндик, адилеттик жана чындык кайтып келе баштаганы” менен куттуктады.

Президент Александр Лукашенко андан бир күн мурда Минскиде жалпы элдик жыйын чакырып, “бу жолку шайлоо өнөктүгү армияга,коопсуздук күчтөрүнө өтө кыйынчылыкка турганын” белгиледи. Бирок өкмөт өкүлдөрүнө эч кандай провокацияга барбагыла деп көрсөтмө берди. “19-мартка чейин калбаат тургула, андан соң эл өзү чечет”,-деп айтты Лукашенко.

Лукашенко белорус жерине “түстүү ыңкылап” дегенди дегеле жолотпойм деп ишендирди. Белорус эли революция кандай түстө болбосун,анын артында бир гана кара түнөк күчтөр турарын өз тажрыйбасында таасын көрүп,ынанган. Ошондуктан эл астамдап кайра куруу, социалдык бекем кепилдиктер саясатын колдоду, деп айтты Лукашенко. Ал ошондой эле шайлоо алдында кырдаалды курчутуп,бийликти басып алууну көздөгөн оппозициялык маанайдагы 70тен ашуун радикалдуу уюмдун бети ачылганын айтып, кыраакылыгы үчүн коопсуздук кызматтарын мактады. Төңкөрүшкө камынган уюмдардын баарын, Лукашенконун айтымында,Батыш каржылап турган.

Батышта болсо белорус бийликтери өлкөдөгү демократиялык институттарды майкандай баштаганына камтамачылык күч алууда. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму шайлоо алдында мыйзамдар одоно бузулуп жатканын белгилсе, АКШнын аталган уюмдагы өкүлү Брюс Коннак белорус бийликтерин өзүнүн репрессиялык саясатын актоо максатында кутумчул уюмдар тууралуу маалыматтарды ойлоп чыгара баштады деп айыптады. Брюсселде Европа комиссиясынын өкүлү Кристина Над шайлоо демократиялык принциптердин негизинде өткөрүлбөсө, Белоруссиядагы конкреттүү чиновниктерге каршы чаралар көрүлөрүн эскертти.

Президентикке дагы бир талапкер Александр Козулинге бейшемби күнү бийликтер эки кылмыш ишин козгошту,буга кошумча коомдук тартипти бузду деп айыпташты.Аны райондук милиция бөлүмүндө бир нече саат кармап отуруп,акыры кое беришти.

XS
SM
MD
LG