Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

МАРТ РЕВОЛЮЦИЯСЫНДА АЯЛДАР НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧ КҮЧ БОЛГОН


Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстандагы март ыңкылабында аялдар мурдагы бийликке каршы чыккан эң жигердүү топтордун бири болду. Аялдардын бийликке болгон нааразылыгы өлкөдөгү оор социалдык-экономикалык абалдан, үй-бүлөдөгү кыйынчылыктардан, жакырчылык менен жумушсуздуктан жана адам укуктарынын бузулушунан улам чыккан.

Соңку жылдары аялдардын экономикалык жана социалдык абалын жакшыртуу боюнча өкмөт деңгээлинде кабыл алынган программалар кагаз бетинде гана калып келгендиги да нааразылык маанайды жаратып жатты. Өзгөчө оор абалда элет жериндеги аялдар болду. Мына ушундай жагдайлардын баары аялдардын экс-президент Аскар Акаев башында турган режимге каршы чыгып, пикет, митингдер аркылуу нааразылыгын билдирүүгө түрткү болду. Бул тууралуу март окуяларынын активдүү катышуучуларынын бири Ракыя Жусупова мындай дейт:

«Аялдар жакырчылык, кыйынчылык турмуштан тажап, революцияга катышууга чыгышты. Анткени, үй-бүлөдөгү бардык кыйынчылыктар аялдардын мойнуна түшөт. Аялдар ошону үчүн элдин турмушу, ар бир үй-бүлөнүн турмушу оңолсун деп, ошол мезгилдеги бийликке нааразылык билдирип, революцияга чыкты. Аялдар революциянын негизги жана кыймылдаткыч күчтөрүнүн бири болду».

Март ыңкылабына чыккан аялдардын ар бири өз башынан экономикалык, социалдык кыйынчылыктарды, же сот адилетсиздигин, коррупциялык көрүнүштөрдү башынан өткөргөн же башка кордуктарды көргөндөр болду.

Март ыңкылабынын активдүү катышуучуларынын бири Клара Ажибекова белгилегендей, аялдар бир гана социалдык, экономикалык кыйынчылыктардан улам гана эмес, ошондой эле патриоттук сезимдер менен да чыгышты:

«Аялдарда патриоттук сезим, мекеним деген сезим да күчтүү. Алар эмнеге элдик революцияга чыгышты? Анткени, алар Мекен жөнүндө, балдардын келечеги, өлкөнүн келечеги тууралуу ойлошту. Кыргызстан башка өлкө, башкача жол менен өнүгүшү керек деген мүдөө менен аялдар революцияга чыгышты», - дейт Клара Ажибекова.

Бирок, адистердин аймында, ыңкылаптан кийин деле аялдардын абалы жакшы жакка өзгөрө элек. Ал эми өткөн жылдын аягында өкмөттүн курамын парламент тарабынан бекитүүдө президент сунуштаган үч айымдын,- Роза Отунбаеванын, Алевтина Проненконун жана Токтокан Боромбаеванын талапкерликтери четке кагылгандыгы коомчулукта нааразылыктарды пайда кылды. Аялдардын бир бөлүгү ыңкылаптан кийин деле алардын турмушунда өзгөрүүлөр болбогондугуна, коррупцияга, кылмыштуулукка каршы чечкиндүү күрөш жүргүзүлбөй жаткандыгына нааразылыктарын билдиришүүдө. Бирок, алардын дагы бир бөлүгү белгилүү убакыт өткөндөй кийин ыңкылапта коюлган талаптар ишке аша баштаарына ишенишет.

XS
SM
MD
LG