Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

БЕЛОРУССИЯДА ДОБУШ БЕРҮҮ БАШТАЛДЫ


Белоруссияда бүгүн, 14-март күнү, шайлоо участкалары ачылат, каалагандар келип,президенттикке талапкерлер үчүн добуш бере башташат. Оппозициянын талапкери Александр Милинкевич шайлоочуларды эртелеп добуш берүүгө катышпагыла деп чакырууда.

Белоруссияда, ырасмий статистикага ылайык, адатта шайлоочулардын 15 проценттен ашыгы эртелеп добуш беришет экен. Оппозиция бул ыкманы Лукашенконун режими 19-марттагы добуштардын жалпы натыйжасын бурмалоо үчүн пайдаланып кетиши мүмкүн деп чочулап жатат.

Оппозиция мындан тышкары шайлоо алдында талапкерлер агитациялык иштерде тең бирдей мүмкүнчүлүк албагандыгын айтууда. ”Азаттыктын” кабарчылары Минскинин көчөлөрүндө кепке тарткан жергиликтүү тургундардын айрымдары буга макул болушкан жок, экинчилери болсо өкмөттүк маалымат каражаттары бийликтеги президент Александр Лукашенкону гана пропагандалашты дешет.

Жекшемби күнү Минскиде тележурналист Наталья Мосечукту, Украинанын 5-каналынын кабарчысы Ханна Хорошенкону операторлору менен кошо милиция кармап кетип, бир нече сааттан кийин гана кое беришти. Кабарчылар ошол күнү оппозициянын талапкери Александр Милинкевичтин тарапкерлери өткөргөн жыйындан репортаж уюштурганы Минскиге келген эле.Бул ишке Украинанын элчиси кийлигишкенге аргасыз болду. Жекшембидеги окуяны АКШнын өкмөтү да сынга алды.

Белоруссияда Лукашенконун кайрадан бийликте калары кадиксиз дешет,мындан башкача окуялар болуп кетерине ишенгендер аз.

Белгилүү жазуучу Светлана Алексеевичтин баамында, кырдаалды өзгөртүү үчүн ички күч жетишсиздик кылчудай. “Леонид Кучма өз элине ок атканга батынган жок, Ислам Каримов мындан тартынбады, ушундан улам биздеги өкмөт кандай экенин ойлонуп көрүүгө туура келет”, дейт жазуучу. Алексеевич жакындагы бир чоң жыйында азыркы өкмөттү керек болсо автомат менен коргоо зарылдыгы айтылганын эске салды. Иш жүзүндө алар бир гана кишини коргогонго даяр, дейт Алексеевич.

XS
SM
MD
LG