Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

Иракта согуш башталгандан бери козголоңчуларга каршы эң ири операция башталды


Иракта 2003-жылы согуш башталгандан бери америкалыктар жетектеген куралдуу күчтөр козголоңчуларга каршы эң ири операцияны башташты
Маалыматтарга караганда, абадан сокку уруу операциясына 50 аскерий учак, ок өтпөс 200 техника колдонулуп, 1 жарым миң америкалык аскер катышууда.
Бир канча мүнөт мурдараак белгилүү болгондой, аскерлер азыр “козголончу болушу мүмкүн” деген шек менен 41 адамды колго түшүрүшкөн. Америкалык аскерлер операциянын биринчи күнүндө абадан сокку уруу боло электигин айтышты. Бирок операция башталган Самарра шаарынын айрым тургундары узактан катуу жарылууларды укканга болгонун айтышты.
Жакында бул шаарда шийилердин “Алтын мечити” жарылганы белгилүү. Ошол жардыруудан кийин өлкөдөгү шийилер менен суннилер ортосунда карама-каршылык дагы күчөй баштаган эле. Айрымдар: “Иракта граждандык согуш башталып кетиши мүмкүн”, - деп тынчсызданып жатышат.

XS
SM
MD
LG