Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Бүгүн Белоруссияда президенттик шайлоодогу үгүт иштери аяктайт


Шайлоо эртең, жекшемби күнү болот. Оппозициянын талапкери Александр Милинкевичтин тарапкерлери бүгүн Минскиде жыйын өткөрөт. Президент Александр Лукашенко кечээ элге кайрылган сөзүндө Белоруссияда төңкөрүшкө жол берилбейт, бул үчүн бийликтер бардык чараларды көрөт деп билдирди. Евросоюз эгер демонстранттарга каршы күч колдонулса белорус бийликтери дүйнөлүк коомчулуктун кескин айыптоосуна каларын эскертти. АКШ да Белоруссиядагы эркиндикке жана демократияга колдоо билдирди.

XS
SM
MD
LG