Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Апрель, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:24

БЕЛАРУСТА ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага Беларуста бүгүн президенттик шайлоо өткөрүлүп жатат, өлкөдөгү эң жогорку кызмат үчүн төрт талапкер ат салышууда - азыркы президент Александр Лукашенко, парламенттин ылдыйкы палатасынын депутаты Сергей Гайдукевич, Беларус мамлекеттик университетинин мурдагы ректору Александр Козулин жана бирдиктүү оппозиция тарабынан көрсөтүлгөн Александр Милинкевич.

Оппозициянын талапкери Александр Милинкевич кечээ күнү элге кайрылып, шайлоо баары бир адилетсиз өтө турганын билдирди жана ага каршылык көрсөтүү үчүн эл көчөгө чыгат деп айтты: "Президенттер көчөдө шайланбайт, бирок биз баары бир аянтка чыгабыз, анткени шайлоодогу бурмалоолорго, калпка каршылык көрсөтүш керек, биз адам болгондон кийин, өзүбүздү өзүбүз сыйлаш керекпиз", - деди Милинкевич шайлоо алдында.

Президент Лукашенконун пикиринде, Беларуста эч кандай көчө ыңкылабы болбойт. Өлкөнүн коопсуздук кызматынын айтымында, бийликке каршылык көрсөтүп көчөгө чыккандар террорчулук кылды деп күнөөлөнөт. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Лидия Ермошинанын айтымына караганда, шайлоонун алдын ала чыгарылган жыйынтыктары бүгүн кечинде жарыяланат, расмий жыйынтыктар болсо бир аптанын ичинде даярдалат. Конституция боюнча ага 10 күн берилет.

Бирок 14-мартта өлкөнүн ар башка аймактарында алдын ала добуш берүү да башталган жана негизги шайлоо өткөрүлгөн 19-мартка чейин шайлоочулардын 30-40 пайызы добуш берип койду.

1954-жылы туулган Лукашенко 1990-жылы парламент депутаты болуп шайланган, андан соң 1994-жылы президенттик шайлоодо жеңип чыккан. Кийин ал элдик референдум аркылуу президенттик мөөнөтүн бир жолу узартып, андан соң 2001-жылы өткөн шайлоодо дагы бир жолу президент болуп шайланган, ошондуктан азыр ал расмий түрдө үчүнчү жолу президенттик үчүн күрөшүүдө. Бирок 2004-жылы өткөрүлгөн референдумда эл анын үчүнчү мөөнөткө президент болуп шайланышына макулдук берген.

XS
SM
MD
LG