Христиан динине өткөн ооган жаранынын айланасындагы чатак уланууда, маселени карап жаткан соттун төрагасы Ансарулла Мавлавизада кечээ күнү Батыш мамлекеттери тарабынан айтылган сынды четке какты: "Сот Ооганстанда көз карандысыз бийлик жана бул маселе боюнча чечим кабыл улууда эч кандай басымга баш ийбейт", - деди Мавлавизада. Абдул Рахман деген жигит мындан 16 жыл мурда христиан динине өткөн жана сот аны эми өлүм жазасына кесиши мүмкүн.