Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:17

Жалалабат облусунда электр жарык үчүн болгон карыздын көлөмү кескин өсүүдө


ЖАЛАЛАБАТ. Облуста электр жарыгын пайдалануу үчүн болгон карыз 160 млн. сомдон ашып кетти. Анын 70 пайызга жакынын элдин карызы түзөт. Тоолуу райондордун жана айыл чарба жумуштары кышы бою токтоп турган айылдардын жарандары жумушсуздук менен каражаттын тартыштыгынан карыздарын төлөй албай келатышат. Облустук ички иштер башкармасынын улуу тергөөчүсү адам укугун коргоочуларын сотко берди. Башкармалыктын улуу тергөөчүсү Алим Макеев Жалалабат шаардык сотуна кайрылып, “Укук баарына бирдей” аттуу тиркеменин автору жана адам укугун коргоочу уюмдун адвокаты менен кеңештин төрайымынан 1 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүндү. Ал тиркемедеги “Аялдарды, кош бойлууларды да уруп жатышат” деген макала адамдык абийир, ар намысыма шек келтирди деп эсептейт. Уюмдун өкүлү макала жетиштүү далил арыздардын негизинде жазылганын билдирди.

XS
SM
MD
LG