Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:52

Кошмо Штаттары Ирак боюнча Иран менен сүйлөшөөрүн бышыктады


Мамлекеттик катчы Кондолиза Райс сүйлөшүү мезгили келгенде болоорун айтып, мөөнөтүн тактаган жок. Вашингтон Иранды Ирактагы секталар аралык араздашууга аралашат деп күнөөлөп келет. Иран бул кинени четке кагып, Ирактагы азыркы кырдаал Кошмо Штаттары баштаган күчтөрдүн 2003-жылдагы баскынчылыгынын кесепети деп эсептейт. Бүгүн Багдадда жол боюнда бомба жарылып, төрт киши мүрт кетти. Ошондой эле кыйнап өлтүрүлгөн 10 кишинин сөөгү табылды. Кечээ Ирактын саясий жетекчилери бирдиктүү өкмөт түзүүнү талкуулашты. Сүйлөшүүлөр бүгүн да уланат.

XS
SM
MD
LG