Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:33

ЭКС-ПРЕЗИДЕНТТИН КҮЙӨӨ БАЛАСЫН КАЗАК БИЙЛИГИ КЫРГЫЗСТАНГА ӨТКӨРБӨЙТ


Аманбек Жапаров,Бишкек Экс-президенттин күйөө баласы Адил Тойгонбаевдин Кыргызстанга өткөрүлүшү күмөн. Анткени казак бийлиги өзүлөрүнүн Конституциясына ылайык Казакстандын атуулдары башка өлкөгө өткөрүлүп берилбестигин айтышты, деп билдирди башкы прокурор Камбаралы Конгантиев апта соңунда журналисттер менен болгон жолугушууда. Ал ошондой эле өзбек качкындары тууралуу маселеге соттук териштирүү бүткөндөн кийин кайрылышарын маалымдады.

Өткөн жылы апрель айында Башкы прокуратура тарабынан экс-президенттин күйөө баласы Адил Тойгонбаевге Кыргызстандын аймагынан бир катар кылмыш кылган делип айып тагылып, кылмыш иши козголгон. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы эл аралык Минск конвенциясына ылайык Казакстандын Башкы прокуратурасына Адил Тойгонбаевди жоопко тартуу үчүн Кыргызстанга өткөрүп берүү сунушу менен кайрылган. Кыргызстандын баш прокурору К. Конгантиевдин айтымында, Казакстандын жетекчилиги Конституцияга ылайык Казакстандын атуулдары башка өлкөгө өткөрүлүп берилбейт деген жообун берген.

-Тергөө амалдары аяктагандан кийин, ага байланыштуу кылмыш иши боюнча материалдарды Казакстандын укук коргоо органдарына өткөрүп беребиз. Алардан тергөөнү улантып, Тойгонбаевди жоопко тартууну сүйлөшүп атабыз деди Камабаралы Конгантиев.


Башкы прокурор экс-президенттин уулу Айдар Акаевди камака алуу чарасы көрүлүп, издөө жарыяланганын билдирди. Буга байланыштуу Россия Федерациясынын башкы прокуратурасы жана башка тиешелүү органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүрүп жатат.

Камабаралы Конгантиев ошондой эле Улуттук банктын мурдагы Төрагасы Кемел Нанаев, мурдагы премьер-министр Николай Танаев, Жазаларды аткаруу башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Владимир Носов, паспорт маселеси боюнча Юрий Лысогоров да издөөдө жүрүшкөндүктөрүн кабарлады. Анын айтымында, Жазаларды аткаруу башкармалыгында кырдаал жөнгө салынып, №31 колониядагы окуяга байланыштуу Азиз Батукаев баш болгон 39 адамга кылмыш иши козголуп, алардын иши сотко өткөрүлгөн.

Баш прокурор өзбекстандык качкындардын тагдыры тууралуу маселеге да кайрыла кетти.

-Өзбекстандык төрт качкын Анжиан окуясында оор кылмыш кылышкан экен. Бирок БУУнун качкындар боюнча комиссарлыгы аларга качкын макамын бериптир. Кыргызстандын миграция боюнча комитети аларга качкын макамын берүүдөн баш тарткан. Биздин мыйзамга ылайык алар миграция комитетинин чечими боюнча сотко кайрылууга укуктуу. Алардын экөөсүнө байланыштуу сот иши аяктады. Калган экөө боюнча соттук териштрүү жүрүп атат. Качан бул маселе боюнча соттук териштирүү бүткөндөн кийин, биз ага кайрылабыз.

Коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери Алдаяр Исманкуловго карата козголгон кылмыш ишин аскерий прокуратура тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

XS
SM
MD
LG