ОШ. Бул тууралуу билдирген Ош облустук Улуттук коопсуздук башкармалыгынын башчысынын биринчи орунбасары Акылбек Бөёнов жергиликтүү ички иштер органдары менен биргеликте жүргүзүлгөн атайын иш чаранын жүрүшүндө Өзгөн жана Ош шаарларынан Өзбекстандын ислам кыймылына тиешелүү деп шектелип издөөдө жүргөн алты адам колго түшүп, үчөө качып кеткендигин билдирди. Оперативдүү кызматкерлердин айтымында, операция учурунда кармалгандар тарабынан куралдуу каршылык көрсөтүлгөн. Колго түшкөндөрдү жекече тинтүү учурунда курал-жарактар, ок дарылар жана диний мазмундагы аудио, видео материалдар, адабияттар табылды.